# 522-берене. Чет мамлекеттин аймагында жүргөн адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) тууралуу суроо-талапты жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 522-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-522

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара түшүнүшүү принцибинин шарттарында Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды, эгерде ага карата айыптоочу өкүм же айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылса, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап менен чет мамлекеттин компетенттүү органына кайрылат.

Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талап мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана ал жазуу жүзүндө же электрондук кол коюлган документ түрүндө жиберилүүчү чет мамлекеттин тилине которулат.

2. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө байланыштуу аракет эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык кылмыш түрүндө жазалануучу болуп саналса жана аны жасагандыгы үчүн кеминде бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө же алда канча оор жаза каралса - кылмыш куугунтуктоо үчүн өткөрүп берилген учурда же адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо-өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурда өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-521)  
Кийинки берене: [523-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-523)
