# 521-берене. Биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топторун түзүү жана алардын ишмердиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 521-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-521

---

1. Кылмыштар бир нече мамлекеттердин аймактарында жасалса жана ал мамлекеттердин кызыкчылыктары бузулса, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топтору түзүлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдарынын жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча Башкы прокуратура биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топторун түзүү жөнүндө маселени карайт жана чечет.

3. Биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топтун мүчөлөрү түздөн-түз өз ара аракеттенет, сотко чейинки өндүрүштүн негизги багыттарын, процессуалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча өз ара макулдашат, алынган маалыматтар менен алмашышат. Алардын ишин координациялоону биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам топту түзүүнүн демилгечиси же анын мүчөлөрүнүн бири жүзөгө ашырат.

4. Тергөө (издөө) жана башка процессуалдык аракеттер, алар кайсы мамлекеттин аймагында жүргүзүлүп жатса, ошол мамлекеттин биргелешкен тергөө, тергөө-ыкчам тобунун мүчөлөрү тарабынан аткарылат.

---

Мурунку берене: [520-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-520)  
Кийинки берене: [522-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-522)
