# 520-берене. Видео байланышты колдонуу жолу менен процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 520-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-520

---

1. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча процессуалдык аракеттер төмөнкүдөй учурларда видео байланыштын жардамы менен адамдын турган жери боюнча жүргүзүлөт:

1) чакырылган адамдардын чет мамлекеттин компетенттүү органына келүүсү мүмкүн эмес болгондо;

2) адамдын коопсуздугун камсыз кылууда;

3) Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде каралган башка негиздер боюнча.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын принциптерине карама-каршы келбесе, видео байланыш аркылуу процессуалдык аракеттер суроо-талап кылган тараптын процессуалдык мыйзамында каралган тартипте аткарылат.

3. Суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органы видео байланыш өткөрүүдө котормочунун катышуусун камсыздоого тийиш.

4. Эгерде процессуалдык аракеттерди жүргүзүүнүн убагында ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тартипти бузуулар табылса, процессти жүргүзүүчү орган бул жөнүндө процессуалдык аракеттердин катышуучуларына билдирет жана жол берилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында аны токтотот. Жол-жобого зарыл болгон өзгөртүүлөр боюнча сурануучу тараптын компетенттүү органы менен макулдашылгандан кийин гана процессуалдык аракеттер улантылат.

5. Процессуалдык аракеттердин протоколу жана видеомаалыматтар суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органына жиберилет.

6. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча видео байланыштын жардамы менен процессуалдык аракеттер ушул берене менен каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [519-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-519)  
Кийинки берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-521)
