# 52-берене. Адвокаттан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 52-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-52

---

1. Шектүү, айыпталуучу адвокаттан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана иште прокурордун, ага тете башка шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын адвокаттарынын катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

2. Сотко чейинки өндүрүштө адвокаттан баш тартуу адвокаттын катышуусунда жүзөгө ашырылат.

3. Адвокаттан баш тартканда жактоо шектүүнүн, айыпталуучунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Шектүү, айыпталуучу тарабынан билдирилген адвокаттан баш тартууга ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган учурларда жол берилбейт.

5. Шектүүнүн, айыпталуучунун адвокатын ишке катышуудан бошотуу тергөөчүнүн, прокурордун токтому менен жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-53)
