# 517-берене. Процессуалдык же соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 517-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-517

---

1. Сот, прокурор, тергөөчү ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча процессуалдык же соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабын белгиленген тартипте аткарат.

2. Эгерде ошол мамлекет тарабынан эл аралык келишимдерде же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде каралса, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин процессуалдык ченемдери колдонулушу мүмкүн.

3. Өз ара түшүнүшүү принцибинин негизиндеги өз ара аракеттенүү жөнүндө эл аралык келишимде же жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерде каралган учурларда суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин компетенттүү органын өкүлү катыша алат.

4. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы мүмкүн болбосо, алынган документтер аны аткарууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен аны алган орган аркылуу же суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына кайтарылат.

5. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабы ал аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде аткарылат. Өзгөчө учурларда татаал жана көлөмдүү процессуалдык аракеттерди аткаруу зарыл болгон учурларда, анын ичинде тергөө судьясынын (соттун) уруксатын талап кылса, тийиштүү компетенттүү органдын жетекчиси тарабынан аткаруу мөөнөтү прокурордун макулдугу менен ал аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып, 3 айга чейин узартылышы мүмкүн.

6. Суроо-талапты аткаруу тапшырылган орган зарыл болгон процессуалдык аракеттерди жасагандан кийин, алынган материалдарды Кыргыз Республикасынын борбордук органына жиберет. Суроо-талап сапатсыз аткарылган учурда, борбордук орган суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча чараларды талап кылууга укуктуу.

7. Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талапты аткаруунун натыйжасында алынган документтер, процессуалдык аракеттерди жүргүзгөн компетенттүү органдын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын борбордук органына суратуучу тарапка өткөрүп берүү үчүн котормосу жок берилет.

8. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, ошондой эле ушул Кодекстин 514-беренесинде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекеттин компетенттүү органына себебин көрсөтүү менен мындай суроо-талапты кайтарат.

9. Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты аткаруунун жүрүшүндө алынган материалдарды Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынан алгандан кийин чет мамлекеттин компетенттүү органына жиберет.

---

Мурунку берене: [516-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-516)  
Кийинки берене: [518-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-518)
