# 514-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 514-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-514

---

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда суроо-талап кылган тарапка укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болгон учурда, суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартылат, эгерде:

1) суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе же Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болсо;

2) суроо-талап жиберген тарап бул чөйрөдө өз ара түшүнүүнү камсыз кылбаса;

3) суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган аракетке тиешелүү болсо;

4) суроо-талап (тапшырма, өтүнүч), адамды анын тегине, социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, жашаган жерине карата жүйөлөр боюнча куугунтуктоо, соттоо же жазалоо максатында жиберилген деген жетиштүү негиздер бар болсо.

---

Мурунку берене: [513-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-513)  
Кийинки берене: [515-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-515)
