# 513-берене. Суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароонун натыйжалары жөнүндө билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 513-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-513

---

1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) канааттандырылган учурда Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) аткаруунун жыйынтыгы боюнча алынган материалдарды суроо-талап кылган тарапка өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

2. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) канааттандыруудан баш тартылган учурда Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талап кылган тарапка баш тартуунун себептерин, ошондой эле суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) кайра каралышы мүмкүн болгон шарттарды билдирип, суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) кайра кайтарат.

---

Мурунку берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-512)  
Кийинки берене: [514-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-514)
