# 512-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 512-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-512

---

1. Кыргыз Республикасынын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:

1) аны компетентүү органга аткарууну тапшыруу;

2) чет мамлекеттин процессуалдык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу менен суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу мүмкүндүгү;

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза өндүрүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо, суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткарууну кийинкиге калтыруу;

4) ушул Кодекстин 514-беренесинде каралган негиздер боюнча суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруудан баш тартуу.

2. Кыргыз Республикасынын борбордук органы суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда суроо-талапты Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына аткаруу үчүн жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, Кыргыз

Республикасынын борбордук органы, укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) аткарууда суроо-талап кылган тараптын компетенттүү органынын өкүлүнүн катышуусу боюнча чечим кабыл алат.

3. Прокурор өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) талаптагыдай, толук жана өз убагында аткарылышы боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу. Прокурор берген көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү компетенттүү органы тарабынан аткарылуусу милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [511-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-511)  
Кийинки берене: [513-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-513)
