# 511-берене. Процессуалдык жана соттук иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 511-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-511

---

Процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) суроо-талапты жиберип жаткан органдын аталышын;

2) суроо-талап жиберилип жаткан органдын аталышын жана жайгашкан жерин;

3) кылмыш ишинин аталышы жана суроо-талаптын мүнөзүн;

4) суроо-талап жиберилип жаткан адам жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде алардын туулган датасы жана жери, жарандыгы, ишинин түрү, жашаган же жүргөн жери, ал эми юридикалык жактар үчүн – алардын аталышын жана жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды;

5) такталууга тийиш болгон жагдайларды баяндоо, ошондой эле суралуучу документтердин, буюм жана башка далилдердин тизмегин;

6) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары жөнүндө маалыматтарды, анын квалификациясын, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренесинин текстин, ал эми зарыл учурларда, бул кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды.

---

Мурунку берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-510)  
Кийинки берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-512)
