# 510-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 510-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-510

---

1. Укуктук жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) ушул Кодекстин жана (же) Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдеринин талаптарына ылайык компетенттүү орган тарабынан түзүлөт.

2. Суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) жана ага тиркелген документтер тиешелүү бланкта жазуу жүзүндө түзүлөт, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана тиешелүү органдын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3. Суроо-талап (тапшырма, өтүнүч) жана ага тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдеринде аныкталган тилге котормосу менен коштолот, ал эми андай жок болсо – суроо-талап берген тараптын расмий тилине же ал тарапка ылайыктуу болгон башка тилге которулат.

4. Суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) жиберүүдөн баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын борбордук органы тарабынан бардык материалдар тергөө жүргүзгөн тиешелүү органга кайтарылып берилет, анда жоюлууга тийиш болгон кемчиликтер көрсөтүлөт же тапшырманы жиберүүгө мүмкүн болбогон суроо-талап кылган себептери түшүндүрүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын борбордук органы тараптан электрондук, факсимилдик же башка байланыш каражаттары аркылуу келип түшкөн суроо-талапты (тапшырма, өтүнүч) кароого кабыл алышы мүмкүн. Мындай суроо-талапты (тапшырманы, өтүнүчтү) аткаруу анын түп нускасы жөнөтүлгөндүгү же берилгендиги тастыкталган шартта гана жүзөгө ашырылат. Чет мамлекеттин компетенттүү органына аткарылган суроо-талаптын (тапшырма, өтүнүч) материалдарга анын түп нускасын Кыргыз Республикасынын борбордук органы алганда гана жиберилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [509-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-509)  
Кийинки берене: [511-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-511)
