# 51-берене. Адвокаттын милдеттүү катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 51-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-51

---

1. Адвокаттардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусу милдеттүү, эгерде:

1) шектүүнүн, айыпталуучунун сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бузулгандыктан узакка созулган катуу оорунун, ошондой эле акыл-эсинин начардыгынын, кем акылдыгынын, башка дене-боюнун же психикалык мүчүлүштүктөрүнүн кесепетинен өзүнүн актоо укугун өз алдынча жүзөгө ашыруу кыйын болгон учурда;

2) шектүүнүн, айыпталуучунун өтүнүчү бар болсо;

3) шектүү, айыпталуучу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же жетиштүү деңгээлде билбесе;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жашы жете элек болсо;

5) жак өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы боюнча шектелсе же айыпталса;

6) шектүү, айыпталуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы болуп саналса;

7) шектүүнүн, айыпталуучунун кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар болсо жана эгерде алардын бирөөнүн адвокаты болсо;

8) кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө жабырлануучунун адвокаты катышса;

9) кылмыш-жаза иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш болсо;

10) адамдын акыл-эсинин жайында экени, психикалык оорулар же акыл-эсинин ордунда экени шек туудурган башка маалыматтардын фактысы аныкталган учурдан тартып – медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу каралып жаткан же аларды колдонуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамдарга карата;

11) процессуалдык макулдашуу жана аны түзүү жөнүндө өтүнүч билдирилсе.

2. Адамды кармоодо сот шектүүнүн, айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын колдонуу, өзгөртүү жана узартуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн караганда адвокаттын катышуусу милдеттүү.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-52)
