# 509-берене. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 509-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-509

---

1. Чет мамлекеттин аймагында ушул Кодексте каралган суракка алуу, кароо, алып коюу, тинтүү, экспертиза жүргүзүү жана башка айрым тергөө жана соттук аракеттерди жүргүзүү зарыл болгондо, сот, прокурор, тергөөчү аларды жүргүзүүнү, укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишим бар чет мамлекеттин тиешелүү органдарынан сурайт.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болсо, чет мамлекеттин суроо-талаптарынын негизинде укуктук же башка жардам көрсөтүлүшү же Кыргыз Республикасынын борбордук органы тарабынан өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде суроо-талап кылынышы мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекетке мындай суроо-талапты жиберүү менен катар, суроо-талап кылынган тараптарга келечекте алардын ушундай эле мазумундагы укуктук жардам боюнча суроо-талаптарын карап берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кепилдик берет.

4. Кыргыз Республикасынын борбордук органы чет мамлекеттин суроо-талабын, келечекте Кыргыз Республикасынын суроо-талаптарын да өз ара түшүнүшүү принцибинде алар тараптан кабыл алып, карап бере тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кепилдик болгондо гана карайт.

5. Чет мамлекет менен эл аралык келишим жок болсо, Кыргыз Республикасынын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды суроо-талап кылган тарапка дипломатиялык жолдор менен жиберет.

---

Мурунку берене: [508-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-508)  
Кийинки берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-510)
