# 506-берене. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 506-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-506

---

1. Тараптар билдирген жарашуу жөнүндө өтүнүчтүн негизинде жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) анын түзүлгөн датасы жана орду;

2) макулдашуу түзгөн тараптардын жана эгерде жарашууга катышса, медиатордун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

3) кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү, кылмышты жасаган шектүү же айыпталуучу жабырлануучунун пайдасына жасоочу аракеттердин тизмеги, залалдын ордун толтуруунун же аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү.

2. Жарашуу жөнүндө макулдашууга тараптар кол коюшат жана жарашуу жол-жобосуна катышкан учурда медиатор кол коёт.

3. Макулдашуунун көчүрмөлөрү макулдашууга кол койгон тараптарга тапшырылат.

---

Мурунку берене: [505-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-505)  
Кийинки берене: [507-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-507)
