# 505-берене. Жарашуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1046..2086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 505-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-505

---

1. Жарашуу жөнүндө өтүнүч тараптар тарабынан, ошондой эле медиатордун жардамы менен берилиши мүмкүн.

2. Тараптардын ортосундагы жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.

3. Жарашуу сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып кассациялык инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин жетишилиши мүмкүн.

4. Жарашуу жөнүндө өтүнүч боюнча макулдукка жетишпеген учурда аны билдирүү фактысы айыптоодон баш тартуу же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алуу катары каралышы мүмкүн эмес.

5. Тергөөчү, сот тараптарга жарашууга болгон укугу, аны ишке ашыруу механизми жөнүндө түшүндүрүүгө жана макулдашууну түзүүгө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.

6. Эгерде сот өндүрүшү бир же бир нече кылмыш жасаган бир нече адамга карата жүргүзүлүп жатса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу алардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.

7. Эгерде иш боюнча бир кылмыштан бир нече жабырлануучу катышса, жарашуу жөнүндө макулдашуу бардык жабырлануучулар менен гана түзүлүүгө жана бекитилүүгө тийиш.

8. Эгерде иш боюнча ар кандай кылмыштардан бир нече жабырлануучу катышса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу жабырлануучулардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашуу жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.

(КР 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [504-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-504)  
Кийинки берене: [506-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-506)
