# 503-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө берүүнүн жана кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 503-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-503

---

1. Кылмыш иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу жана анын адвокаты күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч берүүгө укуктуу.

Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч келип түшкөндө, судья соттук териштирүүнү токтотот жана аны түзүү үчүн тараптарга 3 күндүк мөөнөт берет.

2. Өтүнүчтү кароонун натыйжасында прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга;

2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда судьяга берилет, ал ишти кароону ушул Кодекстин 501-беренесинде каралган тартипте улантуу жөнүндө токтом чыгарат.

Тараптар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча макулдукка жетишпегенде же болбосо ушул Кодекстин 501-беренесинде белгиленген талаптар сакталбаганда соттун кылмыш ишин кароосу жалпы тартипте улантылат.

---

Мурунку берене: [502-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-502)  
Кийинки берене: [504-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-504)
