# 501-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 501-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-501

---

1. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү прокурор тергөөчүнүн, айыпталуучунун жана анын адвокатынын катышуусунда карайт. Кароонун натыйжалары боюнча прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга;

2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

Прокурордун күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартуусу даттанылууга жатпайт, бирок бул андан кийин макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

2. Прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) анын түзүлгөн датасы жана орду;

2) айыптоо тарабынан макулдашууну түзүүчү прокуратура органынын кызмат адамы;

3) макулдашууну түзүп жаткан айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, башка маалыматтары, адвокаты жөнүндө маалыматтар;

4) кылмыштын жасалган убактысын, жерин, ошондой эле далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларды көрсөтүү менен анын сыпатталышы;

5) Кылмыш-жаза кодексинин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту;

6) Кылмыш-жаза кодексинин айыпталуучуга карата колдонулушу мүмкүн болгон жеңилдетүүчү жагдайлары жана ченемдери, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинде каралган жазанын түрү жана өлчөмү.

3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, айыпталуучу жана анын адвокаты кол коёт.

---

Мурунку берене: [500-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-500)  
Кийинки берене: [502-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-502)
