# 500-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүч берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 500-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-500

---

1. Айыпталуучу коркунучтуулугу аз, анча оор эмес жана оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүч берүүгө укуктуу.

2. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү айыпталуучу адвокаттын катышуусунда, айыбы угузулган учурдан тартып биринчи инстанциядагы соттогу соттук териштирүү бүткөрүлгөнгө чейин берет.

3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй шарттар болгондо түзүлүшү мүмкүн:

1) Айыпталуучу жашы жеткен адам болсо жана ал өзү берген өтүнүчтүн мүнөзүн жана натыйжаларын түшүнсө;

2) өтүнүч ыктыярдуу түрдө жана адвокат менен консультация өткөргөндөн кийин берилсе;

3) айыпталуучу айыптоону жана кылмыштын жасалгандыгына иш боюнча далилдерди, өзү келтирген залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаса.

4. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй учурларда түзүлүшү мүмкүн эмес:

1) кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган аракетти акыл-эси жайында эмес абалында жасаган же кылмышты жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен;

2) кылмыштардын жыйындысына карата, эгерде алардын бири эле ушул беренеде каралган талаптарга туура келбегенде.

5. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү айыпталуучуну жабырлануучуга келтирген чыгымдын ордун толтуруп берүү милдетинен бошотууга негиз болбойт.

---

Мурунку берене: [499-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-499)  
Кийинки берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-501)
