# 50-берене. Адвокатты чакыруу, алмаштыруу, квалификациялуу юридикалык жардам үчүн төлөм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 50-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-50

---

1. Адвокат шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, жабырлануучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн тапшыруусу жана макулдугу менен башка адамдар тарабынан чакырылат.

2. Адвокаттын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусуна шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун укугу тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат.

3. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктуу адамдар мыйзамга ылайык адвокат менен камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттын акысын төлөө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

4. Шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, жабырлануучу, күбө тарабынан тандалган адвокаттын катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.

5. Адвокат кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө 5 суткадан ашык, ал эми бөгөт коюу чарасын колдонууда – 2 сааттан ашык катыша албаган учурда, тергөөчү, тергөө судьясы, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.

Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу адвокатты дайындоо тартиби ушул Кодексте жана мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-51)
