# 498-берене. Кармоо, жеке тинтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 498-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-498

---

1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, судья, Президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер, Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды копшогондо, кылмышты жасоого шек саноо боюнча кармалышы жана жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес. Адвокат кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды кошпогондо, кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда жеке тинтүүгө же жекече кароого алынышы мүмкүн эмес.

2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон, кылмыш жасоого шек саноо боюнча кармалган жана кайсы болбосун укук коргоо органына мажбурлап жеткирилген Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, судья, Президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер, Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары эгерде кармалган учурда алардын инсандыгы белгилүү болбосо, кылмыш жасаган жеринен кармаган учурлардан тышкары, инсандыгы тастыкталгандан кийин алар бошотулууга жатат.

---

Мурунку берене: [497-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-497)  
Кийинки берене: [499-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-499)
