# 496-берене. Айыпталуучу катары жоопко тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 496-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-496

---

1. Тергөөчү кызмат адамын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү Башкы прокурорго киргизет.

2. Башкы прокурор өтүнүчтү жана кылмыш ишинин материалдарын карап, кылмыш жасагандыгы үчүн адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болгон жетиштүү далилдер болгондо, кызмат адамын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш киргизет.

3. Эгерде «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган тизмеге адам кирбесе же жетиштүү далилдер болбосо, прокурор кылмыш ишин тергөөчүгө андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн кайтарып берет.

---

Мурунку берене: [495-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-495)  
Кийинки берене: [497-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-497)
