# 495-берене. Өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулган адамдарга карата кылмыш ишин козгоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 495-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-495

---

1. Башкы прокурор тарабынан кылмыш ишин козгоо чечими төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:

1) Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кенеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентине;

2) Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө;

4) судьяларга, анын ичинде экс судьяларга;

5) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;

7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жана мүчөсүнө;

8) Акыйкатчыга (Омбудсменге).

2. Башкы прокурорго карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурордун орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.

3. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурор же анын орун басары тарабынан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [494-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-494)  
Кийинки берене: [496-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-496)
