# 494-берене. Кылмыш иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулган адамдардын категориялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 494-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-494

---

1. Ушул главанын талаптары сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгүлөргө карата колдонулат:

1) Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары – Президент), ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата;

2) Жогорку Кеңештин депутатына карата;

3) Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө карата;

4) Башкы прокурорго карата;

5) судьяларга, анын ичинде экс-судьяларга карата;

6) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына карата;

7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына карата;

8) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жана мүчөсүнө карата;

9) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) (мындан ары – Акыйкатчыга (Омбудсменге) жана анын орун басарына карата;

10) адвокатка карата.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш тартиби ушул главада каралган алып салуулар менен ушул Кодексте аныкталат.

---

Мурунку берене: [493-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-493)  
Кийинки берене: [495-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-495)
