# 493-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамга карата ишти кайра баштоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 493-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-493

---

1. Эгерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамды врач-психиатрлар комиссиясы айыкты деп тааныса, сот медициналык мекеменин корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 432-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген эрежелер медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу тууралуу токтомду чыгарат жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн ишти жөнөтүү тууралуу маселени чечет.

2. Эгерде адамга жаза колдонулса, медициналык мекемеде өткөрүлгөн убакыт Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин эрежелери боюнча жазаны өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [492-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-492)  
Кийинки берене: [494-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-494)
