# 491-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 491-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-491

---

1. Адам коомго кооптуу аракетти акыл-эси жайында эмес абалда жасагандыгын же аны жасагандан кийин психикалык дарт менен ооруп калганын таануу менен сот ишти кыскартуу тууралуу токтомду, ал эми зарыл учурларда – медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду чыгарат.

2. Адам акыл-эси жайында болуп туруп коомго кооптуу аракетти жасагандыгын, бирок андан кийин психикалык дарт менен ооруп калгандыгын аныктоо менен сот ишти ал айыкканга чейин токтото турат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу маселени чечет. Адам айыккандан кийин сот өз токтому менен ишти токтото турууну жокко чыгарат, мажбурлап дарылоону токтотот жана ишти сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн жиберет.

3. Сот адамдын аракетти жасоого катышуусу далилденген жок деп тааныган учурда, ал ошондой эле ушул Кодекстин 27-беренесинде каралган жагдайлар аныкталганда, сот адамдын оорусунун бар экендигине жана мүнөзүнө карабастан, өзү аныктаган негиз боюнча ишти кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш кыскартылганда, соттун токтомунун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө, адамды дарылоо же психоневрологиялык мекемеге жиберүү тууралуу маселени чечүү үчүн саламаттык сактоо органына жиберилет.

5. Соттун токтомунда ушул Кодекстин 357-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилет.

6. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [490-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-490)  
Кийинки берене: [492-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-492)
