# 490-берене. Иш боюнча чечимди кабыл алууда сот чечкен маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 490-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-490

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти соттук териштирүү процессинде төмөнкү маселелер изилденүүгө жана чечилүүгө тийиш:

1) Кылмыш-жаза кодексинде каралган аракеттин орун алгандыгы;

2) аракетти иши каралып жаткан адам жасагандыгы;

3) аракетти акыл-эси жайында эмес абалда болгон адам жасагандыгы;

4) аракетти жасагандан кийин бул адамдын жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүндүк бербеген психикалык дартка чалдыккандыгы;

5) адамдын катуу кармаган психикалык дарты ал үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирүүсү же ага башка олуттуу зыянды келтирүү мүмкүнчүлүгү;

6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу керекпи жана атап айтканда кайсылар.

2. Сот ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9, 12, 13-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.

---

Мурунку берене: [489-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-489)  
Кийинки берене: [491-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-491)
