# 49-берене. Адвокат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=28721..31844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 49-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-49

---

1. Адвокат – кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам.

2. Адвокат шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү биринчи жолу суракка алган, шектүүнү, айыпталуучуну алып келген же иш жүзүндө кармаган учурдан тартып ишке катышат. Адвокат күбөлүгүн жана ордерин көрсөткөн учурда кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүшкө катышууга, ошондой эле өзү коргогон адамдын макулдугу менен соттук териштирүүгө аралыктан катышууга укуктуу.

3. Эгерде алардын биринин кызыкчылыгы экинчисинин кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, бир эле адам эки шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн, жабырлануучунун адвокаты боло албайт.

4. Адвокат алгачкы текшерүү же тергөө органдарына, прокуратурага же сотко чакырылган кандай болбосун адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга укугу бар, мында адвокат ушул Кодексте жана мыйзамда каралган ыйгарым укуктарга жана кепилдиктерге ээ болот.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-50)
