# 489-берене. Соттук териштирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 489-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-489

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти териштирүүнү сот соттук териштирүүнүн жалпы эрежелери боюнча жүргүзөт.

2. Соттук териштирүү акыл-эси жайында эмес же психикалык дартка чалдыккан деп таанылган адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу зарылдыгы тууралуу далилдерди прокурордун баяндоосу менен башталат. Далилдерди изилдөө жана тараптардын чыгып сүйлөөсү ушул Кодекстин 43-главасында каралган тартипте өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [488-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-488)  
Кийинки берене: [490-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-490)
