# 487-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө келип түшкөн иш боюнча прокурордун чечимдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 487-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-487

---

1. Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин тергөөчү ишти сотко жиберүү тууралуу токтомду чыгарат.

2. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомго тиркеме ушул Кодекстин 256-беренесинин эрежелери боюнча түзүлөт.

3. Тергөөчү ишти аны сотко жиберүү тууралуу токтом менен кошо прокурорго берет, ал төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат;

1) тергөөчүнүн токтомун бекитет жана ишти сотко жиберет;

2) сотко чейинки өндүрүштө жол берилген кемчилдиктерди жоюу үчүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен ишти тергөөчүгө кайтарып берет;

3) ишти кыскартат.

4. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсү тийиштүү адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн анын мыйзамдуу өкүлүнө жана адвокатына тапшырылат.

---

Мурунку берене: [486-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-486)  
Кийинки берене: [488-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-488)
