# 486-берене. Адвокаттын катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 486-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-486

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштө адвокаттын катышуусу, эгерде адвокат мурда башка негиздер боюнча ишке киришпеген болсо, өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга карата акыл-эси жайында эместиги фактысы же дарттуу психикалык бузулуусу белгиленген учурдан тартып милдеттүү болуп эсептелет.

2. Ишке киришкен учурдан тартып адвокат, эгерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын ден соолугунун абалы тоскоолдук кылбаса, өзү жактаган адам менен жалгыз жолугушууга укуктуу, ошондой эле ушул Кодекстин 53-беренесинде каралган башка бардык укуктарды пайдаланат.

3. Тандалган адвокаттын катышуусу мүмкүн болбогон учурларда тергөөчү, прокурор, сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [485-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-485)  
Кийинки берене: [487-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-487)
