# 482-берене. Далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 482-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-482

---

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгү жагдайлар белгиленүүгө тийиш:

1) жасалган аракеттин убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары;

2) бул адамдын Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы аракетти жасашы;

3) аракеттин натыйжасында келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;

4) бул адамдын психикалык ишмердигинин мурда бузулушу, анын даражасы жана психикалык ишмердигинин бузулуу мүнөзү же коомго кооптуу кылмыштарды жасаган мезгилдеги, сотко чейинки өндүрүш убагындагы психикалык оорулары;

5) Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы аракетти жасаган адамдын аны жасаганга чейинки жана жасагандан кийинки да жүрүм-туруму;

6) өзү жана башка адамдар үчүн анын психикалык абалынын натыйжасында келип чыккан коркунучтун деңгээли, ошондой эле мындай адамдын башка олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгү.

---

Мурунку берене: [481-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-481)  
Кийинки берене: [483-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-483)
