# 481-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 481-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-481

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш төмөндөгүлөрдү жасаган адамдарга карата жүзөгө ашырылат:

1) Кылмыш-жаза кодексинде каралган акыл-эси жайында эмес абалда жасалган укукка каршы аракетти;

2) акыл-эси жайында болгон абалда кылмышты жасаган, бирок өкүм чыгарылганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оору менен ооруган же психикасы убактылуу бузулган адамга карата.

2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары психикалык жактан оорулар өзүнө же башкаларга келтирген коркунучка же алар тарабынан мүмкүн болгон олуттуу зыян келтирүүгө байланыштуу болсо гана дайындалат.

3. Медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш ушул Кодекстин жалпы эрежелерине, ошондой эле ушул глава менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [480-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-480)  
Кийинки берене: [482-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-482)
