# 480-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 480-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-480

---

1. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган бала тарбиялык мүнөздөгү чараны колдонуу менен оңолушу мүмкүн экендиги таанылса, сот баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотот жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 16-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу.

2. Тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоткон учурда сот бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана ага баланын жүрүм-турумун контролдоону тапшырат.

3. Дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды бала системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.

---

Мурунку берене: [479-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-479)  
Кийинки берене: [481-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-481)
