# 479-берене. Сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы кылмыш жазасынан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 479-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-479

---

1. Бала тарабынан анча оор эмес же оор кылмыш жасалган учурда сот жасалган кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен жазаны өтөбөстөн оңоло турган мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келет, Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинде каралган пробациялык көзөмөлдү дайындайт.

2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы жазадан бошотуу учурунда сот бул жөнүндө пробация органына билдирет жана ага соттолгондун жүрүм-турумун контролдоону жүзөгө ашырууну жүктөйт.

---

Мурунку берене: [478-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-478)  
Кийинки берене: [480-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-480)
