# 475-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 475-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-475

---

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткарбаган учурда ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткарбоонун себептерин аныктоого жана баланын аларды аткаруусу боюнча толук чараларды колдонууга милдеттүү.

2. Келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бул тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Прокурор баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди күчүндө калтырууга же жокко чыгарууга укуктуу.

4. Колдонулуучу чараларды өзгөртүү же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде тергөөчүнүн токтому менен жүргүзүлөт.

5. Колдонулуучу чаралар өзгөртүлгөн же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү узартылган учурда тергөөчү кошумча макулдашууну түзөт.

6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.

7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда аны кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча бала тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [473-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-473)  
Кийинки берене: [476-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-476)
