# 473-берене. Милдеттенмелерди жүктөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 473-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-473

---

1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

1) айрым жерлерге барууга;

2) жашаган жерин өзгөртүүгө;

3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө;

4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга;

5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга;

6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге.

2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга;

2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга;

3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө;

4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга;

5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга.

Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

474- берене. Кепилдикке өткөрүп берүү

1. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү – бул баланын кызыкчылыгына каршы келген учурларды кошпогондо, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгаруу программасын ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүктөө.

2. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү чыгаруу программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин тарабы катары чыгууга даяр башка адамдарга жана уюмдарга жүктөлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [472-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-472)  
Кийинки берене: [475-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-475)
