# 47-берене. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу жак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 47-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-47

---

1. Мыйзам күчүнөн улам кылмыш менен же Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган акыл-эси жайында эместин, ошондой эле баланын жосуну менен келтирилген материалдык зыян жана моралдык залал үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке жак тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартылат.

2. Келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу жак, ушул Кодексте белгиленген айыпталуучу, соттолгон адамдай эле укуктарга жана милдеттерге ээ. Зыяндын ордун толтурууга жооптуу адамга, материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга байланыштуу кылмыш-жаза өндүрүшүнөн кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө билдирилет жана ал алардын көчүрмөлөрүн ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте алат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-48)
