# 466-берене. Баланы комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 466-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-466

---

1. Айыпталуучу балада психикалык оорулардын же өнүгүүсүнүн аномалиясынын болушу, өзүнүн аракеттерине толук же жарым-жартылай отчет берүү жана конкреттүү жагдайды башкаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелерди чечүү үчүн комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоого милдеттүү.

2. Айыпталуучу баланын интеллектуалдык, эрктик, психикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин, инсандык башка социалдык-психологиялык белгилерин аныктоо үчүн психологиялык экспертиза дайындалышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [465-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-465)  
Кийинки берене: [467-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-467)
