# 464-берене. Педагогдун жана психологдун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 464-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-464

---

1. 16 жашка чыга элек жана бул жашка чыккан, бирок акыл-эси жагынан артта калган деп таанылган шектүү, айыпталуучу баланы суракка алууга педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү.

2. 16 жашка чыккан балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча педагогдун же психологдун суракка катышуусуна тергөөчүнүн, прокурордун каалоосу боюнча же болбосо адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү боюнча жол берилет.

3. Педагог же психолог тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен шектүү, айыпталуучу балага суроо берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – сурактын протоколу менен таанышууга жана андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу жүзүндө пикирин билдирүүгө укуктуу. Бул укуктарды тергөөчү, прокурор баланы суракка алуунун алдында педагогго же психологго түшүндүрөт, бул тууралуу сурак протоколунда белги коюлат.

4. Баланы айыпталуучу катарында сотто суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу ушул берененин эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [463-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-463)  
Кийинки берене: [465-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-465)
