# 462-берене. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 462-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-462

---

1. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу саат 8.00дөн саат 22.00гө чейинки мезгилде жүргүзүлөт жана тыныгуусуз 2 сааттан узакка созулбайт, ал эми жалпысынан алганда - күнүнө 4 сааттан ашпайт.

2. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн, зарыл болгондо – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, педагогдун катышуусунда өтөт, алар суракка алынып жаткан адамга суроолорду берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – протокол менен таанышууга, көрсөтмөлөрдүн туура жана толук жазылгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-461)  
Кийинки берене: [463-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-463)
