# 460-берене. Баланы кармоо жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 460-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-460

---

1. Баланы кармоо жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 96, 97 жана 114-беренелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Баланы сотко алып келгенге чейин аны кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокурор ишти өз өндүрүшүнө албастан, ушул Кодекстин 462-беренесине ылайык жеке өзү суракка алууга милдеттүү, сурактын протоколу иштин материалдарына тиркелет.

3. Балага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө ар бир учурда баланы ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган тартипте көз салып турууга өткөрүп берүү сыяктуу чараны колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланышы керек.

4. Баланы кармоо, камакка алуу жөнүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып 3 сааттын ичинде баланын ата-энесине же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [459-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-459)  
Кийинки берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-461)
