# 457-берене. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 457-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-457

---

1. Бул главанын жоболору кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек балдардын кылмыштары жөнүндө иштер боюнча колдонулат.

2. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби ушул Кодекстин жалпы эрежелери, ошондой эле ушул главанын беренелери менен аныкталат. Мыйзам менен чатагы бар балдарга карата иштер боюнча адистештирилген прокурордун, тергөөчүнүн, судьянын жана балдардын иштери боюнча адвокаттын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жабырлануучунун жана күбөлөрдүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [456-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-456)  
Кийинки берене: [458-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-458)
