# 455-берене. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү кароочу соттун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 ноября 2024 года № 182 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018134)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.11.2024 [Закон КР от 19 ноября 2024 года № 182 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018134); 02.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112634)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21274..21454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 455-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-455

---

1. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү карап, сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу тууралуу;

2) жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө;

3) жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүңдө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.

2. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечими жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 2-августундагы № 151, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [454-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-454)  
Кийинки берене: [456-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-456)
