# 452-берене. Ишти жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароочу соттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 452-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-452

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечим боюнча жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүч бул чечимди кабыл алган сот тарабынан жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралат.

2. Биринчи инстанциядагы сот апелляциялык тартипте каралбаган, өзүнүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечими боюнча жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.

3. Апелляциялык инстанциядагы сот кассациялык тартипте каралбаган, өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.

4. Кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү карайт.

---

Мурунку берене: [451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-451)  
Кийинки берене: [453-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-453)
