# 451-берене. Иш боюнча өндүрүштү кайра баштоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112634)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283048..1283049>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 451-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-451

---

1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча өндүрүш жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра башталышы мүмкүн.

2. Кылмыш иши боюнча өндүрүштү кайра баштоонун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) кайтадан ачылган жагдайлар - ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттун өкүмү же башка чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда болгон, бирок сотко белгисиз жагдайлар;

2) жаңы жагдайлар - ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот актысын чыгаруу учурунда болбогон жана сотко белгисиз болгон жагдайлар.

3. Кайтадан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) мыйзамсыз же негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете эле буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин жасалмаланышы же котормонун атайын туура эмес которулушу;

2) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштуу аракеттери;

3) ушул ишти кароодо ал тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген судьянын кылмыштуу аракеттери;

4) өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууда сотко белгисиз болгон, өз алдынча алганда жана мурда аныкталган жагдайлар менен кошо алганда соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө же ал соттолгон кылмыштын оордугунун даражасы боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө же болбосо акталган адамдын же иши кыскартылган адамдын күнөөлүүлүгүн күбөлөндүргөн жагдайлар.

4. Жаңы жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) аракеттин жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;

2) Конституциялык соттун ушул кылмыш ишинде сот колдонгон мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга карама-каршы келет деп таануусу;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эл аралык органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын сотторунун аталган кылмыш ишин кароодо адамдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун аныкталышы.

5. Ушул беренеде саналган жагдайлар соттун өкүмүнөн тышкары соттун, прокурордун, тергөөчүнүн иштин эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, мунапыс же ырайым кылуу актыларынын натыйжасында, айыпталуучунун өлгөндүгүнө же адамдын кылмыш жоопкерчилиги башталуучу жаш куракка жетпегендигине байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө аныктамалары, токтомдору менен аныкталуусу мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 2-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [450-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-450)  
Кийинки берене: [452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-452)
