# 445-берене. Кассациялык даттанууну, сунушту кароосуз кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 445-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-445

---

1. Кассациялык даттануу, сунуш каралбастан кайтарылат, эгерде:

1) алар ушул Кодекстин 444-беренесинде каралган талаптарга жооп бербесе;

2) алар кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок адам тарабынан берилсе;

3) алар ушул Кодекстин 442-беренесинде каралган кассациялык даттанууга белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе;

4) иш апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан каралбаса;

5) иш кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралса.

2. Кассациялык даттануу, сунуш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде кассациялык даттанууну, сунушту берген адамга кайтарып берүү себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүү менен тиркелген бардык документтер менен кайтарылууга тийиш.

3. Прокурордун кассациялык сунушун соттук отурум башталганга чейин сунуш берген прокурор же жогору турган прокурор чакыртып алышы мүмкүн.

4. Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана адвокатынын жана өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Бала процесстин катышуучусу катары өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана адвокатынын даттануусун ал жашы жеткен күндөн тартып гана чакыртып ала алат.

5. Даттанууну жана сунушту чакыртып алууга судьялар кеңешүүчү бөлмөгө кеткенге чейин жол берилет.

6. Кассациялык даттанууну, сунушту чакыртып алуу кассациялык өндүрүштү кыскартууга алып келет, ал жөнүндө кассациялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат.

7. Кассациялык даттанууну, сунушту чакыртып алуу кассациялык даттануу, сунуш менен кайтадан кайрылууну жокко чыгарат.

---

Мурунку берене: [444-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-444)  
Кийинки берене: [446-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-446)
