# 444-берене. Кассациялык даттануунун, сунуштун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 444-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-444

---

1. Кассациялык даттануу, сунуш төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) алар берилген соттун аталышын;

2) жашаган же турган жерин, процессуалдык абалын көрсөтүү менен даттанууну, сунушту берген адам жөнүндө маалыматтарды;

3) биринчи инстанциядагы, апелляциялык инстанциядагы ишти караган сотторго көрсөтмөнү жана алар кабыл алган чечимдин мазмунун;

4) даттанылуучу соттун чечимдерине көрсөтмөнү;

5) иштин натыйжасына таасир этүүчү соттор жол берген материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдеринин олуттуу бузууларына көрсөтмөнү, мындай бузууларды күбөлөндүрүүчү айгинелөөчү жүйөлөрдү келтирүү менен;

6) даттануу, сунуш берген адамдын өтүнүчүн;

7) эгерде алар бар болсо, даттанууга, сунушка тиркелүүчү документтердин тизмесин.

2. Кассациялык даттанууга аны берген адам кол коюуга тийиш. Адвокат берген даттанууга ордер тиркелет. Сунушка прокурор кол коюшу керек.

---

Мурунку берене: [443-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-443)  
Кийинки берене: [445-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-445)
