# 440-берене. Кассациялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 440-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-440

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциядагы соттук чечим ушул главада каралган тартипте соттолгон, акталган, адвокат жана мыйзамдуу өкүлдөрү, жабырлануучу же (жана) анын өкүлү, ошондой эле башка адамдар тарабынан даттанылуучу соттук чечимдер алардын мүлктүк укуктарына тиешеси бар болгон бөлүгүндө кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциядагы сот чечимин кайра кароо жөнүндө сунуш менен мамлекеттик айыптоочу же жогору турган прокурор кайрылууга укуктуу.

(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [439-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-439)  
Кийинки берене: [441-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-441)
