# 439-берене. Сот чечимдерин кассациялык тартипте кайра кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2024 года № 75 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004208)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=5972..8273>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 439-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-439

---

1. Жогорку сот кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелет жана ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте соттук чечимдерди кайра карайт.

2. Кассациялык инстанциядагы сот апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүнүн, аныктамасынын мыйзамдуулугун кассациялык даттануу, сунуш боюнча текшерет.

3. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн кызмат адамдарынын чечимдерине даттануулар боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомдорду жана өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кошпогондо, апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануулар боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш эмес.

4. Кассациялык инстанциядагы соттун кароо предмети акыркы соттук чечимден мурунку аныктамалар болушу мүмкүн, эгерде мындай аныктамаларга даттануу ушул Кодексте каралса. Мындай аныктамалар кассациялык даттанууну же ушул иш боюнча кабыл алынган акыркы соттук чечимге сунушту кароо менен бир мезгилде, кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [438-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-438)  
Кийинки берене: [440-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-440)
