# 436-берене. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 436-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-436

---

1. Эгерде пробациялык мөөнөттүн ичинде соттолгон адам өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарса жана жаңы кылмыш жасабаса, ал пробациялык көзөмөлдөн өткөн болуп эсептелет.

2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай жокко чыгара же болбосо толуктай алат.

3. Эгерде соттолгон бир жыл ичинде эки же андан көп жолу жүйөлүү себептерсиз өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарууну бузса, анда сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтүү тууралуу соттук отурумун дайындайт. Мында сот соттолгондун келүүсүн камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [434-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-434)  
Кийинки берене: [437-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-437)
