# 432-берене. Өкүмдү аткарууга алуу менен байланышкан маселелерди чечүүчү соттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 432-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-432

---

1. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 1, 11-13, 15, 16, 19-пункттарында жана 433-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет.

2. Эгерде өкүмдү аткаруу өкүм чыгарган сот иштеген райондон сырткары жерде жүргүзүлсө, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелер өкүм аткарылып жаткан жердеги сот тарабынан чечилет. Бул учурда өкүм аткарылган жердеги соттун токтомунун көчүрмөсү өкүм чыгарган сотко жиберилет.

3. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 2-4, 8, 15, 19-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер кайсы сот тарабынан өкүм чыгарылганына карабастан соттолгон адам жаза өтөп жаткан жердеги сот тарабынан чечилет.

4. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 5-7, 9, 10, 11, 17-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер соттолгон адам жашаган жердеги сот тарабынан чечилет.

5. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен соттук отурумда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [431-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-431)  
Кийинки берене: [433-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-433)
